Ош облусундагы имам-хатибдерге жыйын өткөрүлүп, олуттуу маселелер талкууланды

Бүгүн, 9-февраль күнү Ош облусунун аймагындагы жалпы райондук баш имам-хатибдерге жыйын болуп өттү. Ага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асанбай ажы Бекматов, Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМК түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фурхатбек Адилбек уулу, казыят кызматкерлери жана райондун баш имам-хатибдери катышты.

 Жыйында мечиттердин 2022-жыл эсебинде эсептик каттоодон өткөн мечиттердин жалпы саны, каттоодон өткөрүү мүмкүн эмес болгон диний обеъктилер жана жаңы курулуп башталган мечиттер туурасында талкуу болду.  Мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү учурунда пайда болгон көйгөйлөр айтылып, Асанбай ажы Бекматов анын чечүү жолдорун түшүндүрдү.

“Мечиттердин курулуш иштери башталганда ар бир имам жана баш имам-хатиб ал нерседен кабардар болуусу керек. Мечиттин курулушу башталардан мурда ага керектелүүчү, талап кылынган документтер даяр болушу зарыл. Хатибдер өзүңүздөр катуу киришип көзөмөлгө алыңыздар”, – деди Асанбай ажы Бекматов.

Жыйындын жүрүшүндө КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев КР Президентинин “Улуттук нарк”, “Инсандын руханий адеп-ахлагы” жана “КРда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралар жөнүндөгү” жарлыктар боюнча тааныштырып, анын ичинен № 54 жарлыкты  иш жүзүнө ашырууда дин кызматкерлеринин салымы чоң  экендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:“Баарыңыздарга маалым болгондой, “үй-бүлөлүк салтанаттардагы жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарды кыскартуу” боюнча Президенттин жарлыгы бар. Ушул жарлыктын алкагында бир топ иш-аракеттерди жасап жатабыз. Маркумду акыркы сапарга узатууда имам-хатибдердин, жергиликтүү имамдардын жана дин кызматкерлеринин ролу чоң. Маркумду узатуу зыйнатында калайык топтолгон учурда элге кайрылып, аларга ысырапкерчиликтин кесепеттерин айтуулары коомго таасирдүү болуп жатат. Ошондуктан бул жарлыкты ишке ашырууда сиздердин салымыңыздар чоң. Дайыма бири-бирибизге көмөктөшө берели”, – деди.

Жыйындын соңунда, Түркия Республикасында зилзаладан курман болгон маркумдарга багышталып Куран окулуп, амандык, тынчтык тиленип дуба кылынды.