Нематулла ажы Жээнбеков зилзаладан жабыр тарткан боордошторго көмөк көрсөтүүгө чакырып, өзү баштап берди

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жер титирөөдөн жабыркаган мусулман бир туугандарга жардам көрсөтүү тапшырмасын аткаруу максатында Жалал-Абад облустук казыяты кызуу иш алып барууда. Анын алкагында бүгүн, 10-февраль күнү облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков тиешелүү буйрук чыгарып, баш имам-хатибдерди жардамдарды топтоо боюнча милдеттендирди.

Нематулла ажы Жээнбеков облус аймагындагы мечит, медреслерде 150 Куран хатм окулганын бүгүнкү жума баянында ырастады. Ошондой эле катталган зилзала бардык момун-мусулмандардын башына келип турган мүшкүл экенин кошумчалады.

Ал калайыкты боордош Түркия элине акчалай жана кийим кече түрүндө жардам берүүгө чакырып, көмөк көрсөтүүнү өзү баштап берди. Нематулла ажы кайрылуусунда, «бордош мусулман бир туугандардын башына мүшкүл иш түшүп турганда биз, Жалал-Абад облусунун тургундары, жөн карап турбай, ак дилден жардам берели», – деп  билдирди.