КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Жалал-Абаддагы диний объектилердин каттоосу боюнча жыйын өткөрдү

Бүгүн, 10-февраль күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятында облус аймагындагы диний обектилерди каттоо жараяны боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асанбай ажы Бекматов, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казыят аппараты жана баш имам-хатибдер катышты. Облус казысы азыркы учурда эсептик каттоодон өтө элек мечиттердин көптүгү боюнча облуста Сузак району биринчи орунда турганын айтып, диний объектилердин каттоодон өтпөй жаткан себептерине жана жүйөлөрүнө токтолду.

Ал эми Асанбай ажы Бекматов казыяттын алдында атайын комиссия түзүп, каттоодон өтпөгөн мечиттер менен жеринде таанышууну жана мониторинг жүргүзүүнү сунуштады. Облус казысы мындан бир нече күн мурун мечиттер адиси Арпидин ажы Жороев баштаган казыят кызматкерлери Сузак районун баш имам-хатибинин орун басары менен биргеликте комиссия түзүп, жеринен таанышып келгенин маалымдады.

Асанбай ажы Бекматов мечиттерди каттоодон өткөрүү жаатындагы ар кыл суроолорго жооп берип, сунуштарды айтып, процессти тездетүү боюнча тапшырмаларды берип өттү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 868 мечит болсо, анын 725 и каттоодон өткөн. Ал эми 89 мечит эсептик каттоодон өтө элек. Алардын ичинен 54 мечит кызыл линияга салынганына байланыштуу каттоо мүмкүн эмес.