Ош облусундагы мечиттерде Куран окулуп, зилзаладан кайтыш болгондорго дуба кылынды

Ош облусунун аймагындагы жалпы жума мечиттерде Түркия мамлекетинде болгон зилзаладан курман болгон маркумдарга Куран окулуп, жараат алган боордошторго шыпаа тилеп дуба кылынды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан берилген Туркия элине жардам жыйноо тапшырмасын аткаруу максатында, облустун аймагындагы баш имам-хатибдерге жана жалпы имамдарга тапшырмалар берилди. Жума кутбаларында «Мусулмандын мусулман бир тууганына көмөк көрсөтүүдөгү сооптор», «боордоштук» жана «тилектештик» деген темаларда үгүт-насааттар айтылып, Түркия элине жардам берүүгө чакырылды.

Жумага келген элден топтолгон акча каражаттары атайын ачылган эсепке которулууда.

Ар бир мечитке мамлекет тарабынан Түркияда жабыр тарткан эл үчүн ачылган эсептин реквизиттери илинди деп билдирген казыяттын кадр, катчылык жана маалымат адиси Ибрагим Ильяс уулу төмөнкүлөргө токтолду:

«Облустук казыяттын буйругуна ылайык жардам чогултуу аймактагы ар бир дин кызматкерине жүктөлдү. Буйрукту аткаруу максатында жалпы жума мечиттерде хатмы Курандар багышталып, тынчтык, амандык тилеп дуба кылынды. Ал эми  жумага келген элден жыйналган каражаттар көрсөтүлгөн реквизиттерге жана банк эсептерине которулуп жатат».