Сулумбек ажы Узеналиев: «Мусулман бир туугандарга келген сыноого жүрөктөн сызып кайгырдык»

КМДБнын демилгеси менен өлкө аймагында табият кырсыгынан жабыр тарткан боордош Түркия элине жардам топтоо, каза болгондорго Куран хатм түшүрүү, жаракат алгандарга салават шариф жана дуба кылуу өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Анын алкагында Талас облустук казыяты да зилзаладан жабыр тарткан мусулман бир туугандарга колдон келишинче жардам топтоп жатат. Бул боюнча аталган облустун казысы Сулумбек ажы Узеналиев кабарлап, төмөнкүлөргө токтолду:  

«Мусулман бир туугандарга келген сыноого жүрөктөн сызып кайгырып атабыз. Ушундай суук күндө каргашалуу окуя болду. Бул Алладан келген чоң сыноо. Ушул сыноону жалпыбыз биргеликте жеңебиз».