Аалымдардын Баткен облусуна уюштурулган «Агартуу кербени» жыйынтыкталды

Бүгүн, 12-февраль күнү дин аалымдарынын Баткен облусунун аймагындагы “Агартуу кербени” жыйынтыкталды. Коомчулукка туура ишеним негиздерин, ысырапкорчулукка жол бербөө, жаштар жана бактылуу үй-бүлө темаларынын алкагында бир катар пайдалуу маалыматтарды жеткирүү менен өлкөбүздөгү туура диний багыттын өнүгүсүнө салым кошуу максатында Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан уюштурулган аалымдардын үгүт-насаат кербенинин эл менен жолугушуусу облустун ар бир шаар, райондорунда өткөрүлдү.

Түшүндүрүү-агартуу иштеринде өлкө башчысынын ысырапкорчулукка жол бербөө туурасындагы жарлыгына басым жасалып, анын жакырчылыкка алып келери жана Куран, хадистерде ашыкча ысырапкорчулук туура эмес экендиги айтылды.

“Ыйык Курани Карим китебинде ысырапкорчулуктан сактануу жана ысырап кылуучуларга эскертүү боюнча жыйырмадан ашуун жерде айтылат. Алла Таала ысырапкорлорду сүйбөй турганын кабарлап, «Ысырап кылбагыла, анткени Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт», – деп билдирген (Аъраф, 31). Ислам динибизге же дүйнөлүк илимдерге көз чаптыра турган болсок, ашыкча сарптоо, байлыкты маанисиз, жөнү жок чачуу өтө чоң айып катары белгиленет. Чындыгында элдин турмушу оңолуп, жакшырган сайын, ысырапкорчулук көбөйүп жатат. Элибизде «чөптү ысырап кылсаң, көзгө зыян» деген сөз бар. Бүгүнкү ысырапкорлуктун зыянын эртең тартып калбайбызбы. Канчалаган уул-кыздарыбыз чет жакка чыгып, безерип иштеп, ичпей-жебей жылдап чогулткан каражаттарын 2-3 күндө сарптап, коротуп койгондор арбын блууда. Биз «тойдон кийин тон керек» деген накыл кепти таптакыр эсибизден чыгаргандайбыз.Андыктан коомдогу ысырапкорчулукту биргеликте болтурбоого аракет кылалы”, – деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

Белгилей кетсек, “Агартуу кербени” Кызыл-Кыя шаарында жыйынтыкталып, жемиштүү болгондугу белгиленди. Ошондой эле катышуучулар тарабынан ыраазычылыктар айтылды.