Араван районунда мечиттердин каттоосуна багытталган жыйын болуп өттү

Ош облусунун Араван районунунун администрациясынын жыйындар залында айыл өкмөт башчылары жана архитектура кызматкерлерине жыйын болуп өттү. Ага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана райондун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков катышты.

Жыйында райондун баш имам-хатиби эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттердин көйгөй жараткан жагдайларына токтолуп, жалпылай маалымат берди.

Ал эми Эрнис Толтоев Араван районундагы мечиттердин каттоо маселесине көңүл бурууга чакырып, диний обеъектилердин каттоого мүмкүн болбогондорго атайын корутунду берүү жана калган мечиттерди март айы ичи каттоосун бүтүрүү тапшырмасын берди.

«Араван районунда каттоодон өтпөгөн мечиттердин саны көп. Ошондуктан бул түйшүктү жеңилдетип, жакындан жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Биз да колубуздан келишинче аракетибизди жасайбыз», – деди Алибек ажы Жусупов.