Имамдар курсунун кезектеги айлампасы жыйынтыкталып, сертификаттар тапшырылды

Бүгүн, 13-февраль күнү «Мааткабыл уулу Шаршенбай ажы» атындагы мечит-медресесинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган аймактардагы дин кызматкерлерин кезектеги окутуу курсу жыйынтыкталып, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган дин аалымдары жана устаздар катышты.

«Имамчылык шарапаттуу озуйпа. Сиздер илим-билим, жүрүм-турум, кеп маданияты ж.б. бүт жагынан жамаатка өрнөк болушуңуздар керек. Салттуу ислам боюнча көп окуңуздар. Илим изденүүдө чоң күжүрмөндүк менен аракет кылыңыздар. Бул жерден алган илимиңиздерди элге мыктылап жеткириңиздер. Дин иштеринде кылган кызматыңыздардан Алла Таала ыраазы болсун», – деп билдирди Абибилла ажы.

Дин кызматы баарына эле насип боло бербешин айткан «Адеп башаты» диний уюмунун жетекчиси Аскарбек ажы Акимбай уулу буларды айтты:

«Мечит, минбар, михраб пайгамбарыбыздан калган мурас. Сиздер ушул жерден алган илимдин акысын беришиңиздер керек. Өзүбүздүн ишибизди кыла берсек, тактап айтканда динге кызмат кыла берсек эле баары жакшы болот. Ханафилик жана матуридиликти бекем кармап, элге жакшы жеткирип алсак уткурбайбыз».

Сертификат тапшыруу иш-чарасынын соңунда китеп окуу боюнча өткөн атайын конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер берилди.  

Белгилей кетсек, имамдардын диний билимин жогорулатууга багытталган 21 күндүк имамдар курсунда Куран, тажвид, акыйда, фикх, хадис, хадис усулу ж.б. боюнча тереңдетилген билим берилди. Аталган курска ар бир облустан имамдар келген жана мындай окутуулар пландуу түрдө жүргүзүлмөкчү.