Кызыл-Кыяда «Куран биздин дайым дилибизде» атуу Куран жарышы өткөрүлдү

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаардык хатибияты «Ыйман аманат» фонду менен биргеликте «Куран биздин дайым дилибизде» аттуу ураан астында 12 жашка чейинки өспүрүм балдар арасында Куран жарышын өткөрдү.

Иш-чара келечек муундун ыймандуу, адептүү болуп өсүүсүнө салым кошуу, Ыйык Куранды жаттаган жаштарга дем-күч берүү жана шыктандыруу максатында уюштурулду.

«Жаш муун биздин келечек. Келечегибиз кенен болсун десек, жаш муундун илимдүү, адеп-ахлактуу болуусуна талыкпай эмгек кылышыбыз керек. Жаш кезинен тарбияласак, кудайым буюрса кийин алардын жакшылыктарын гана көрөбүз. Балдардын ортосунда конкурс уюштуруп, баалуу сыйлыктар менен сыйладык. Балдар да, ата-энелер да абдан ыраазы болушту. Буюрса бул иш-чарабызды токтотпостон уланта бермекчибиз», – деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев.