Мирланбек ажы Токтомушов Оштогу өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрүн кабыл алды

Бүгүн, 13-февраль күнү Оштогу өзбек улуттук маданий борборунун жумушчу тобу Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушовдун кабыл алуусунда болду. Жолугушууда тараптар үстүбүздөгү жылы биргеликте аткарыла турган жумуштарды талкуулашты.

Талкууда өзбек улуттук маданий борборунун өкүлдөрү Ош шаары көп улуттуу калаа экендигин, шаарда улуттар аралык ынтымактын бекемдигин, мусулман журтунун салттуу исламды кармангандыгын жана ушул баалуулуктарды сактоо зарыл экендигин белгилешти.

Ошондой эле Ош шаардык казыятынын Өзбекстан Республикасындагы Ош калаасына жакын жайгашкан казыяттары менен тажрыйба алмашуу сунушу талкууланды.