Нарында эски күмбөздүн ордуна жаңы мечит салынды

Нарын шаарынын ылдыйкы Ак-Коргон аймагында жер төлөөсү менен жалпы аянты 260 чарчы метрди түзгөн “Арстанбек” мечитинин ачылышы болуп өттү. Ачылыш аземге казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, мечиттер адиси Фасихидин Халимов жана жергиликтүү тургундар катышты.

Аземде алгач Куран окулуп бата кылынды. Андан соң  Кумарбек Орозалиев Ак-Коргон чөлкөмүнүн тургундарын жаңы мечити менен куттуктап өттү. Ошону менен бирге бул мечитке демөөрчүлүк кылган инсандарга ыраазычылыгын айтып, айрымдарына облустук казыяттын ыраазычылык катын тапшырды. Өзгөчө Ак-Коргон аймагынын жашоочулары Руслан Шамит уулу жана “Бай-Алим” компаниясынын жетекчиси Асылбек Арыкбаевдер мечиттин салынышына чоң салым кошуп, мечиттин курулуш жагын өз колдоруна алуу менен документ иштерин да талаптагыдай бүтүрүүгө аракет кылышкан.

Нарын казыятынан билдиришинче, бул мечитте жума намазы окулбайт. Себеби ушул эле чөлкөмдөгү “Зияд бин Торик” мечитинде буга чейин жума намазы окулуп келгендиктен, ошол боюнча калтырылмакчы. Бир чөлкөмдөгү эки мечитке Сыймык Мирбек уулу имамдык кылмакчы.

Эскерте кетсек, бул мечиттин мурдагы орду эски күмбөз болгон. 2022-жылдын орозо айында күмбөздөр сүрдүрүлүп, шаар бийлиги тарабынан колдонууга берилген.