Чүй районунда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй районунда райондун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаевдин демилгеси менен 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Жарышка Рахматулла Бекмуратов баштаган карылар калыстык кылышып, жыйынтыгында 1-орунду ээлеген өспүрүмгө 7000 сом жана диплом, 2-орунга 5000 сом жана диплом, 3-орунга 3000 сом жана диплом тапшырылды.

Ошондой эле тажвиди эң мыкты жана эң жаш катышуучуларга да 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди.

Белгилей кетсек, Куран жарышы 30-паранын негизинде өткөрүлүп, жалпы 44 бала катышты.