Араван районунда жаштарга арналган Куран жарышы уюштурулду

Ош облусуна караштуу Араван районунун «Ар-Рохман» борбордук мечитинде 12 жашка чейинки балдар арасында Курандын 30-парасы (Амма парасы) боюнча Куран жарыш конкурсу өткөрүлдү. Ага Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, райондун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков жана имамдар катышты.

Жарышка райондун аймагындагы 12 жашка чейинки Куран жаттаган жеткинчек балдар катышты. Жарышта алдыңкы орундарга чыкан балдарга баалуу сыйлыктар берилип, калган катышуучуларга ар кандай кызыктыруучу белектер берилди.

“Жаштар биздин келечегибиз. Эгер биз өсүп келе жаткан муунга Куранды окутуп, туура таалим берсек, келечекте эл керегине жараган, Мекенди сүйгөн эр азаматтар чыгат. Келечекте кандай иш жасабасын ага олуттуу карап, берилүү менен аткарат. Улуу данышмандардын бири айткан экен: “Сен балаңа Куранды үйрөт, Куран ага баарын үйрөтөт” деп. Ушундай дин эркиндиги берилип турган учурда балдарыбызга Куран үйрөтүп калалы”, – деди Максат кары Сыдыков.

Ал эми облус казысынын орун басары Алибек Ажы Жусупов дин душмандары ыйык Куран-и Каримди өрттөп жок кылуунун аракетинде болуп жатканда биз Куранды жүрөктө сактап, аны окуп турганыбыз накта Куранга болгон сүйүүбүз деп билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: “Исламды жаман көргөндөр Куранды канча өрттөсө да, алар биздин жүрөгүбүздөгү Куранды жок кыла албайт. Куран ар бир мусулмандын көкүрөгүндө”.