Покровкада имамдын демилгеси менен 10 кудук казылды

Манас районундагы Покровка айылынын «Азирети Умар» мечитинин имамы Нурбек Агышев айылда таза суу жок болгондуктан демилге көтөрүп, садака жария ишин колго алып, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 10 кудук казып колдонууга беришти.

«Бизде таза суу ар дайым маселе болуп келген. Себеби, мурда 1.5 чакырым алыстыкта жол жээктерине кудуктар казылган. Мына ушул себептен Аллахтын каалоосу менен таза суу чыгаруу демилгесин ишке ашырдык. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) бидиргендей, адам каза болгон соң да сообу жетип туруучу үч амалдын бири бул садака жария. Айылда аз камсыз болгон үйлөргө, жаңы салынган мечиттерге жалпысынан 9 кудукту казып, колдонууга бердик. Жаратканым насип кылып 10-кудукту чыгаруу алдында турабыз», – деди «Азирети Умар» мечитинин имамы.

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев бул иштин аткарылышы менен жеринен таанышып, иштин жакшы деңгээлде жүрүп жаткандыгын айтып, жакшы ишке шериктеш болуп салымын кошуп жаткан жалпы тургундарга жана район имамдарына терең ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.