Кара-Сууда «Куран менен көңүлүм нурданат» аттуу Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндөгү «Жийдалик» жана Шарк айыл өкмөтүнө караштуу «Сармазар» мечиттеринде жаштардын Куранга болгон кызыгууларын арттыруу максатында 12 жашка чейинки жаш балдар арасында Курандын 30-парасын тажвид менен жатка окуу боюнча «Куран менен көңүлүм нурданат» аттуу жарыш өткөрүлдү.

Ага жалпы Кара-Суу районунан 100 дөн ашуун жаш өспүрүм катышып, байгелүү орундарды багындыргандарга баалуу белектер жана мактоо баракчалары ыйгарылса, калган катышуучуларга Куран-и Карим китеби жана кызыктыруучу белектер берилди.

Аталган иш-чара Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун тапшырмасы менен «Ал-Худа» мечитинин имамы Мурадилла Рамазанов, «Сармазар» мечитинин имамы Рахимжан Нишанов жана «Абдурахман ибни Авф» медресесинин мүдүрү Кылычбек Маматмуса уулу тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда райондун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров уюштуруучуларга жана калыстык кылган дин кызматкерлерине Кара-Суу хатибиятынын Ыраазычылык баракчасын ыйгаруу менен төмөнкүлөргө токтолду:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) куттуу хадисинде: «Силердин эң жакшыңар Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үрөткөнүңөр», – деп айткан. Анын сыңары бүгүнкү күндүн эң жакшылары сиздерсиздер. Бириңиздер Куран үйрөтсөңүздөр, дагы бири аны үйрөнүп, окуп, жаттап келүүдө. Өлкөбүздө динге берилген экиндиктин кадырына жетели. Ар түрдүү жолдорду кармап бөлүнбөйлү, балдарыбызга салттуу динди карманууну айтып, алардын диний билим алуусунда ханафи мазхабын жана матуриди акыйдасын карманган устаздарга тапшыралы».