Бакай-Ата районунда өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбеков балдар арасында Куран конкурсун өткөрдү. Конкурска жалпы 30 бала катышып, 20 жана 10 сүрө жаттагандар күч сынашты. Иш-чарага облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев катышып, жарышка катышкан балдарга ийгилик каалоо менен Курандын пазилеттери боюнча айтып өттү:

«Куран жаттоонун жана окуунун артыкчылыгы тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр» деп айтса, дагы бир хадисинде, «Ким Куран окуса, үйрөнсө жана аны менен амал кылса, кыяматта ата-энесине нурдан болгон таажы кийгизилет. Анын нуру Күндүн нурундай жаркын! Жана ата-энесине дүйнө байлыктарынын бардыгынан кымбат эки кийим кийгизилет. Алар (таң калып) «булар эмне үчүн?» деп сурашканда, «балаңар Куранды толук жаттаганы үчүн» деп айтылат», делген».

Конкурска «Бакай-Ата» Куран жаттоо медресесинин мугалими Махмуд Жакыпов, Мухаммаднаби Джалолов жана Даават боюнча адиси Замир Кыдыралиев калыстык кылышып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектерди жана китептерди тапшырышты. Андан тышкары жалпы катышуучуларга да кызыктыруучу белектер берилди.