Ош шаарына караштуу диний объектилерди каттоо процесстери боюнча жыйын өттү

Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу диний объектилерди каттоо бюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асанбай ажы Бекматов, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ак-Буура батыш жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатибдери катышты.

Ош шаардык мусулмандарынын казысы азыркы учурда диний объектилерди каттодон өтпөй жаткан себептерине жана жүйөлөрүнө токтолсо, Асанбай ажы Бекматов диний обеъктилерди каттоодон өткөрүүдө ар кыл суроолорго жооп берип, сунуштарды айтып, процессти  тездетүү тапшырмаларын берди.

Эскерте кетсек, Ош шаардык мусулмандарынын казыятына караштуу 81 мечит болсо, 3 өөнүн архитектуралык иш кагаздары аяктап, документтер архитектурада турат.