Өлкөдөгү баш имам-хатибдердин отчётун угуу жыйынтыкталды

КМДБнын түзүмүндөгү жалпы райондук баш имам-хатибдердин жылдык отчётторун угуу жыйынтыкталып, бир жыл ичиндеги ишмердүүлүктөрү бааланды. Баш имам-хатибдер аймактагы имамдардын билим деңгээли, мечиттердин абалы жана каттоосу, эл арасындагы жүргүзүлүп жаткан үгүт-насаат иштери, ысырапкорчулук жана динде аша чабуу сыяктуу коомдогу терс көрүнүштөрдүн кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү,  Муфтият тарабынан берилген буйрук жана тапшырмалардын аткарылышы сыяктуу пункттар боюнча маалымат беришти.

«Баш имам-хатибдердин иши ары түйшүктүү, ары сыймыктуу десек жаңылышпайбыз. Аймактарда эл менен тыгыз иштешкендер да, элди биримдикке чакыргандар да, ар кандай жакшы демилгелердин ишке ашуусуна өбөлгө түзгөндөр да,  үгүт-насаат жүргүзүп, салттуу матуридилик-ханафиликти айтып аткандар да баш имамдарыбыз. Биз алардын жылдык отчётун алуу менен бирге, сунуштарын жана жер-жерлердеги көйгөйлөрдү уктук. Бул КМДБнын ишмердүүлүгүн дагы да жакшыртууга өбөлгө болмокчу», – деп билдирди Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев.

Белгилей кетсек, баш имамдардын жылдык отчётун угуу – хатибияттардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, борбордук аппарат менен аймактардагы хатибияттардын байланышын бекемдөө, калайыкка диний кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу, дин кызматкерлеринин потенциалын көтөрүү, райондордогу көйгөйлөр жана диний абал боюнча түздөн-түз маалымат алуу иш-планынын алкагында өткөрүлдү.