Жоробай ажы Шергазыев «Умму Мухаммад» медресесинин студенттерине илимдин пазилеттери боюнча лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев «Агартуу кербенинин» алкагында Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылды. Зыяраттын алкагында медресе студенттерине илим алуунун пазилеттери, мазхаб кармануунун зарылдыгы жана фатва усулдары боюнча лекция окуп, студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жоробай ажы илим-билимдин мааниси, ийгиликке жетүүнүн жолдору менен бирге мазхаб жана фатва усулу маселесине да кайрылып, фатва берүү чоң илимди жана зор жоопкерчиликти талап кыларын белгиледи.