Борбор калаада жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы Борбордук мечитте жаш өспүрүмдөр арасында Курандын 30-парасы боюнча жарыш уюштурулду. Куран жарышта сөз сүйлөгөн Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев Куранды жаттоонун пазилеттерине кеңири токтолуу менен төмөнкүлөрдү билдирди: 

«Алла Таала Ыйык Куранды Мекке жана Мединада түшүргөнү үчүн бул эки шаар ыйык болду. Ал Азирети Мухаммедге (с.а.в.) түшүрүлгөнү үчүн элчилердин эң абзели болду. Ыйык Куранды Аз. Жабраил алып келгени үчүн периштелердин эң артыгы болду. Орозо айында түшкөнү үчүн Рамазан айлардын султаны болду. Кадыр түндө түшүрүлө баштаганы үчүн ал түндөрдүн эң улугу болду. Ал эми Куранды көкүрөгүнө жат кылып жүргөн киши адамдардын эң шарапаттуусу болот» деген улуу сөз бар. Ошондуктан Куранды көп-көп окуп, жаттап, аны түшүнүү кажет».

Ал эми калаа казысы Шакир ажы Маматов Куран Алла Тааланын акыйкат сөзү экенин, аны эч ким жок кыла албасын, эч бир нерсе зыян бере албасын, анткени анын коргоочусу Алла Таала өзү экенин билдирип, жаш катышуучуларга ийгилик каалады.

Куран жарышы жогорку деңгээлде уюштурулуп, жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Азиретали Алишеров 10 000 сом утса, 2-орунду багындырган Холид Юлдошов 7 000 сом менен сыйланды. 3-орунду Абдулвахид Маматмусаев жана Хамза Мухаммад уулу аттуу катышуулар ээлеп, 5 000 сомдон акчалай байгеге ээ болушса, калган конкурсанттарга 500 сомдон берилди.

Белгилей кетсек, кээ бир өлкөлөрдөгү Ыйык Куранды өрттөө сыяктуу этика жана маданиятка жатпаган көрүнүштөргө реакция катары Азирети Муфтийдин тапшырмасы менен «Куранды жүрөгүбүздө сактайбыз» урааны астында өлкө аймагында Куран жаттоого шыктандыруучу иш-чаралар жана Куран жарыштары кызуу жүрүп жатат.