Бакыт ажы Кайкиев мектеп окуучулары менен жолугушту

Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев Ж. Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу мектеп жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде өткөрүлүп, мектеп окуучулары толугу менен катышты. Бул иш-чаранын максаты, окуучуларга экстремизм, терроризм, дин жана жашоо, арак жана зына, убакытты туура пайдалануу туурасында кеңири маалымат берүү болду.

Лекцияда аалам үчүн тынчтыктын мааниси, арактын зыяндуулугу жана убакытты текке кетирбей туура пайдалануу туурасында айтылып, аудиторияга кызыгуу жаратты. Бул иш-чара аймактарды көтөрүү демилгесинин алкагында уюштурулганын белгиледи Бакыт ажы.

Мындан сырткары Мекен туурасында сөз кылып, “Мекенди сүйүү ыймандан. Мекенди сүйүү – куру сөз менен болбойт. Мекенди сүйүү – кайсы бир улуттук кийимди кийип алуу менен болбойт. Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот. Адамга туура баа берүү үчүн, анын үч нерсесине көңүл бур: Мекенге болгон сүйүүсүнө, бир туугандарына жасаган мамилесине, өткөн өмүрүнө эсеп берүүсүнө”, – деп билдирди баш имам-хатиб өз лекциясында.