Кара-Шаар айылдык мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

“Тоң районунун Кара-Шаар айылынын мечитин учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдөбүз”, – деп билдирди райондук баш имам-хатиб Таалайбек ажы Үсөнов. Оңдоп-түздөө, мечиттин айланасын курчоо ж.б. иштерге кеткен чыгым жергиликтүү жамаат жана айыл тургундары тарабынан каржыланууда.

Мечитти аздектеп, таза кармоо милдет болуп саналарын, жаштарды ыйманга, адеп-ахлакка чакырууда мечиттин орду чоң экендигин айткан ал: “Учурда мечитти оңдоп-түздөөдөн өткөрсөк, алдыда жазды утурлай жалпы мечиттердин айланасында ишембеликтерди уюштуруп, көрктөндүрүү иштерин жүргүзөбүз”, – деп белгиледи.