Жалал-Абадда “Айымдар үчүн китеп талкуу” иш-чарасы өткөрүлдү

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында шаардагы окуу жайлардын студенттери, үй-кожойкелери болгон айымдар жана энелердин катышуусунда “Айымдар үчүн китеп талкуу” иш-чарасы болуп өттү. Ар бир китеп сүйгөн айымдар өздөрүнүн окуган китептери боюнча талкуу жүргүзүп, пикир алышты.

Иш-чарага катышкан Жалал-абад обусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков китеп окуунун пазилеттери боюнча баян айтуу менен катышуучуларга кызыктуу суроолорду берип, туура жооп бергендерге пайдалуу китептерди белек кылды.

Жаш студент кыздардан тарта улуу курактагы айымдардын руханий байлыгын өстүрүүгө, адамдык сапатын жакшыртууга багытталган бул саамалык казыяттын аялдар бөлүмүнүн адиси Гүлсара Каримованын демилгеси менен өттү. Гүлсара Каримова мындай жагымдуу иш-чаралар тез-тез өткөрүлүп турарын, күнү-түнү интернетте убакыт коротпой, бир китеп окуу ары пайдалуу, ары дурус иш экенин белгиледи.