Талант ажы Сабриков Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн жоокерлерине лекция окуду

Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант ажы Сабриков Каракол ШИИБнин жоокерлери менен жолугушуп, экстремизм, терроризм, динди жамынган терс агымдар, алардын коомчулукка тийгизген зыян жана кесепеттери боюнча маалымат берди. Жолугушуу ШИИБнин чон жыйындар залында болуп, жоокерлер активдүү катышты.

Жыйында бүгүнкү күндөгү диний кырдаал, өлкөдөгү абал туурасында кеңири токтолгон баш имам-хатиб элди-жерди коргоо, Мекенди сүйүүнүн диндеги орду, тынчтыкты сактоо озуйпасынын жоопкерчилиги боюнча лекция окуду.

Жолугушуунун жүрүшүндө суроо-жооп уюштурулуп, дин-шарият маселелери боюнча диний маңыздагы ар кандай соболдорго жеткиликтүү маалымат берилди.