Ош шаарында Афган жана Баткен согушунда курман болгондор эскерилди

Кечээ, 15-февраль күнү он  жылга созулган Афган согушунда жана Баткен окуясында каза болгондорду эскерүү аземи уюштурулуп, ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, калаадагы мекеме, ишканалардын жетекчилери, ардагерлер жана жоокерлер тургундары катышты.

Эскерүү аземинде Ош шаарынын  казысы Мирланбек ажы Токтомушов Мекенди сүйүү, өлкөнү коргоо, ынтымак жана биримдикке чакырып, Мекен жана эл-журт үчүн дуба кылды.