Жети-Өгүз районун баш имам-хатиби мектеп окуучулары менен жолугушту

Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу Тилекмат айылындагы академик “Асылбек Алтымышбаев” атындагы орто билим берүү мектебинин 8-9-10-11-класстарынын окуучулары менен жолугуп, дээрлик эки саат бою диндер тарыхы, адеп-ахлак, зордук-зомбулук, улууну урматтоо, кичүүнү ызаттоо, ата-энеге болгон мамиле, мугалимдер менен болгон мамиле темалары боюнча адеп сабагын өттү. Мектеп мугалимдери да катышкан бул иш-чарада келечек муундарды адептүлүккө, ыймандуулукка үндөп, туура тарбия берүүдөгү ата-эненин милдеттери туурасында кеңири баяндама жасалды.

“Абу Мухаммад “Китабул Вааъий” деген чыгармасында: “Адеп адамдарды макталган нерселерге чакырганы үчүн адеп деп аталып калган”, – дейт. Абу Зайд (р.а.): “Адеп артыкчылыктардын бирине жеткирүүчү жакшы аракетке берилчү наам” деген”, – деди өз баяндамасында баш имам-хатиб.

“Балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем” деген даанышмандын сөзүн мисал кылган Акылбек уулу балдарга туура тарбия берүү, мектеп менен тыгыз байланышта болуу ар бир ата-эненин милдети экенин баса белгиледи.