Кара-Сууда «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» аталыштагы эскерүү болуп өттү

Кечээ, 15-февраль күнү Кара-Суу районунда «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт» аталышында ооган согушунда курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Ага Кара-Суу райондук-мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев, Кара-Суу районуна караштуу мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук хатибияттын кызматкери Асилбек ажы Турдубаев жана Ооган согушунун ардагерлери катышты.

Эскерүү аземинин соңунда курман болгон аскерлерге Куран окулуп, дуба кылынды.