Муфтият Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду

Бүгүн, 16-февраль күнү КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдор Түркия Жумхуриятынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган баштаган элчилик кызматкерлерин зыярат кылып, зилзалада набыт болгон маркумдарга багыштап Куран окушту.

Жолугушууда өлкөбүздө боордош Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандар үчүн жардам топтоо иштери кызуу жүрүп жатканы жана КМДБ дагы четте калбай, кырсык катталган күндөн тарта боордош түрк элине жардам көрсөтүү иштерин колго алганы айтылды. Имамдардын күжүрмөн аракети менен элден 16 417 294,25 (он алты миллион төрт жүз он жети миң эки жүз токсон төрт) сом акчалай жардамдар топтолуп, бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганы белгиленди (тизме тиркелет).

Ошондой эле КМДБ тарабынан акчалай жардам которуулар үчүн мамлекеттик бирдиктүү эсептин реквизиттерин Кыргызстандын булуң-бурчуна жеткирүү менен биргеликте момундарга жардам көрсөтүү, кайрымдуулук кылуу, тууганга жакшы мамиле күтүү сыяктуу баяндардын массалык түрдө айтылып жатканы айтылып, анын алкагында кышкы кийим-кече, көрпө-төшөнчү, жууркан сыяктуу жардамдарды кабыл алууну өлкөнүн ар бир мечитинде уюштурулганы маалымдалды. Бирок жарандардын көпчүлүгү материал түрүндө эмес, акчалай жардам берүүнү туура көргөндүктөн, мечиттерге акчалай жардам тапшырганы баса белгиленди.

Белгилей кетсек, бир тууган түрк элине моралдык колдоо катары ушул кезге чейин мечит-медреселерде 46 260 пара Куран жана 4444 жолу салават айтылып, дубалар кылынган. Учурда да тынымсыз Куран хатм кылуу, дуба кылуу, салават айтуу сыяктуу руханий өнөктүк жүрүп жатат.

Ош шаарынын мусулмандарынын казыяты910200 сом
Чүй облусунун мусулмандарынын казыяты1361400 сом
Ош облусунун мусулмандарынын казыяты5597029 сом
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты2730446 сом
Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты1506883,25 сом
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыяты240100 сом
Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты1453615 сом
Бишкек шаарынын мусулмандарынын казыяты2617621 сом