Түркиядагы зилзалада курман болгон Медина Бактачиева акыркы сапарга узатылды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш  айылында туулган Медина Бактачиева аттуу жарандын сөөгү жерге берилди. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маматаев Эркинбек баштаган райондук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Жалал-Абад  облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана дин кызматкерлери катышты.

Нематулла ажы Жээнбеков каза болгон кыргызстандык Медина Бактачиеванын үй-бүлөсүнө облустук казыяттын атынан 30 миң сом акчалай жардам тапшырды.

Маалымат иретинде айта кетсек, маркум Түркия өлкөсүндө жашап эмгектенип жүргөн. Ал ушул жылдын 6-февралында Түркияда катталган зилзаланын курмандыгы болгон. Анын артында 1 уулу калды. Эне-бала 6 жылдан бери көрүшө элек болгонун айылдаштары айтты.