Кара-Суу районунда “Жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу” аттуу темада мектеп окуучулары менен жолугушуу өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Манас” атындагы орто мектебинин окуучуларына “Жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу” боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн жазалар жана диндеги кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ага ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Фуркатбек Адилбек уулу, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов, укук коргоо кызматкерлери, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга кылмыштуулуктан оолак болуу, ар кандай туура эмес иштерге аралашпоо жана кылмыш катталган учурда мыйзам боюнча кандай жазалар каралгандыгы боюнча маалыматтар айтылды. Ал эми жосунсуз иштерди аткарууда ислам дининин көз караштары жана ал иштердин күнөөсү чоң экендигине токтолгон Алибек ажы төмөнкүлөрдү белгиледи:

“Кылмыштуулуктун кайсы түрүн айтпайлы, ал шариятыбызда арам деп айтылган. Кылмыш кылуу менен эч качан абийир табылбайт. Тескерисинче кудайдын каарына калып, Анын мээриминен алыс болот. Куранда: “Алла Таала эч бир жараткан макулугуна зулум (адилетсиздик) кылбайт, алар өздөрүнө өздөрү зулум кылышат” деп айтылган (Нахл сүрөсү, 118). Бул аятта кылмыш кылгандар бул эле дүйнөдө эмес, оо дүйнөдө да жазага тартылары айтылууда”.