Базар-Коргон районунда 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарыш болуп өттү

иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун «Ибрахим Али» мечитинде 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлүп, ага Базар-Коргон району боюнча 84 бала катышты. Куран жарышка жергиликтүү жарандар демөөрчү болуп, байге фонду 63 000 сомду түздү. Жарышка калыстар тобунун мүчөлөрү Акмал ажы Шерматов, Алымжан каары Абдыкадыр уулу жана Хажыакбар кары Ахмедовдор калыстык кылышып, жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

1-орунду ээлеген Ибрахим Сатыбаллиев – 5000 сом;
2-орунду ээлеген Абдынур Хашимов – 4000 сом;
3-орунду ээлеген Рамазан Аманов – 3000 сом;
4-орунду ээлеген Солих Абдыманапов – 2000 сом; 
5-орунду ээлеген Мухаммадсолих Абдымоминов – 1000 сом.

Ошондой эле финалга чыкан 24 баланын ар бирине 1000 сомдон акчалай сыйлык берилди. Ал эми Куран жарышка катышкан ар бир балага кызыктыруучу белектер жана 200 сомдон берилди.