Нарын-Талас казыяттары тажырыйба алмашууда

Нарын облустук казыятына Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган Талас казыятынын эмгек жамааты келди. Бул жолугушуу казыяттар арасында таржырыйба алмашуу максатында болду. Талас облустук казыятынын эмгек жамаатын облус казысы Эрик Молдокулов тосуп алып, Нарын казыяты тарабынан жасалып жаткан иштер менен тааныштырды.

Андан соң Нарын шаарындагы “Юсуф Сыдык” атындагы балдар медресесинин студенттери менен жолугушуу уюштурулду. Алгач облус казысы сөз алып, медресенин окутуучулары менен казыяттын кызматкерлерин тааныштырды. Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Нарын казыятында кызмат кылып жүргөн бир нече кызматкерлер өзүнүн шакирттери экенин айтып өттү. Ошону менен бирге илим алып жаткан студенттерге акыл-насаат сөздөрүн айтты.

“Урматтуу талабалар! Кандай жагдайда болбосун ниетти түз коюп илим алгыла. Бардык амал ниетке жараша. Убагында биздин колдон илим алган студенттер, мына бүгүн силерге илим берген агай болушуптур. Сиздер да келечекте алган билимиңерди башкаларга жеткирген устаз болосуңар деп ишенем. Ошондуктан убакытты текке кетирбей, жакшы илим алышыңарды каалайм. Ал эми устаздар жана казыят кызматкерлери, сиздерге Аллахым жакшылыгын аябасын. Ар дайым элге-жерге кызмат кылып жүрө бериңиздер. Ошондой эле бизди тосуп алып Нарын казыятынын иштери менен тааныштырып, тажырыйба бөлүшүп жаткан облус казысы Эрик казыкеге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деди облус казысы Сулумбек ажы Усеналиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Талас казыятынын эмгек жамааты Нарын шаарындагы жума окулуучу мечиттеринде жума баян өтүшмөкчү.