Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган Адеп сабагына катышты

Кечээ, 16-февраль күнү Мирланбек ажы Токтомушов Ош шаарындгы №52 мектеп-лицейинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган мектеп окуучуларынын адеп-ахлагын, билим деңгээлин жогорулатуу максатында өткөрүлгөн “Адамдын көркү адеп” сабагына катышты.

Сабактын жүрүшүндө Мирланбек ажы Токтомушов окуучуларды мугалимдерди сыйлоого, урматтоого жана Мекенди сүйүп, кызмат кылууга чакырды. Ислам жана ыйман темаларына кызыккан окуучулар ар кандай суроо берип, соболдоруна жооп алды.