Азирети Муфтий Бишкек шаарынын казысынын бир тууганы дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматовдун бир тууганы Маматов Сайфидин Валиевичтин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Шакир ажы! Бир бооруңуз Сайфидиндин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Сабыр кылыңыз, Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум иниңизди Өз ырайымына алып, Бейиш төрүнөн орун насип кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кайгыңыздарды тең бөлүшөм.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев