Тажрыйба алмашуу: Талас казыятынын кызматкерлери Нарында жума баяндарын өтүштү

Нарын-Талас казыяттарынын тажырыйба алмашуу иш-чарасынын экинчи күнүндө Талас казыятынын кызматкерлери Нарын шаарындагы жума намазы окулчу мечиттерде жума баянын өтүштү. Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Усеналиев Нарын шаарынын бобордук “Азирети Али” мечитинде чогулган элге жума баянын өттү. Мындагы жума баянда Сулумбек ажы элибиздеги ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча сөз кылып, Талас жериндеги ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу айтып өттү.

Жумадан соң коноктор Нарын казыятынын иш бөлмөлөрү, облустук казыяттын алдындагы аялдар бөлүмүнүн имараты жана Нарын шаарындагы “Калем Лидерлер” академиясы менен таанышты.

Белгилей кетсек, тажрыйба алмашуунун соңунда сөз болуп жаткан казыят кызматкерлеринин ортосунда футбол боюнча достук мелдеши өткөрүлмөкчү.