Равшан ажы Эратов Баткендеги төрт медреседе салттуу ислам боюнча лекция окуду

Бүгүн, 20-февралда КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин №1 токтомунун негизинде диний окуу жайларда матуридилик акыйдасы боюнча тереңдетип окутуу тапшырмасына ылайык, Баткен облустук мусулмандар казыяты менен биргеликте Баткен району жана Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал», «Нур», «Абу-Бакр» жана «Баткен» медресесинин мугалимдери жана студенттерине лекция өттү.

Лекцияда негизинен салттуу дин боюнча, тагыраагы матуриди акыйдасы жана ханафи мазхабы боюнча баяндама жасалып, салафизм сыяктуу салттуу эмес багыттардын жаңылыштыктары жөнүндө сөз козголуп, учурда мамлекет колдоп жаткан салттуу динди карманууга чакырып, акыйда жана фикх (укук) маселелери тууралуу айтылды.

“Биз ата-бабаларыбыз карманып келген саттуу динде бекем болушубуз керек. Салттуу динди кармануу деп матуриди акыйдасын жана ханафи мазхабын туура түшүнүп, аны кармангандарды айтабыз. Кээ бир жарандар сырттан туура эмес багытта окуп келип алып, өздөрүнүн туура эмес түшүнүктөрү менен биздин айрым ибадаттарыбызды бидаатка чыгарып келишет. Ошондуктан дин илимин өзүбүз билген, тааныган устаттардан алуубуз кажет”, – деди Равшан ажы Эратов.