«Бешиктеги баланын бек болорун ким билет»

Иллюстрациялык сүрөт

Жол башчыбыз, Ханафи мектебинин негиздөөчүсү, «улуу имам» лакабы менен таанымал болгон Абу Ханифанын (Аллах ырайымына алсын) жаштык кези эле. Күндөрдүн биринде уктап жатып түш көрөт. Түшүндө бир чоң дарактан түбүнө каман келип, тамырларын кыркып жок кылмакчы болот. Ошол кезде дарактын бир бутагы ийилип келип каманды чабат. Анын бул соккуусунан ызаа тарткан каман ал жерден качып кетип, бир аз убактан кийин кайра келип ыйман келимесин айтат. Уйкусунан ойгонгон Абу Ханифа көргөн түшүнө таңыркап, аны устаты Хаммад ибн Аби Сулейманга айтууну туура көрүп, ал тарапты көздөй жөнөйт. Устазынын кашына келген учурдан анын маанайы жок, ачууланып олтурганын көрөт да, ага карап:

-Устазым, сизге эмне болду? – деп сурайт.

Анда устазы Хаммад:

– Биздин шаарга бир топ динсиздер (атеисттер, кудайга ишенбегендер) келишиптир, амирге жолугуп:

– Мусулмандар ишенип, сыйынып келген бул ааламдын жаратуучусу, кожоюну жок, биз муну далилдеп беребиз. Калааңдагы илимдүү деп атаган аалым кишиң менен бизди жолуктур! Биз ага жетиштүү далилдер менен тастыктап берели – деп айтышыптыр. Ал эми шаардын амири болсо алар менен жолугууга мени ылайк көрүп, алар менен беттешүүгө мени тандаптыр, ошого ачууланып олтурган кербезим, – дейт.

Муну уккан Имам Аазам:

– Мен түшүмдүн чечмеленүүчүн (жорулушун) билдим. Мага уруксат берсеңиз бул талкууга, беттешүүгө, талашып тартышууга мен чыгайын. Эгер мен алардан жеңилип калсам, суроолоруна жооп бере албай калсам, «бул жаш бала да» деп коюшат. А эгер жеңип алсам, кичинекей баладан утулдуңар устазына барып эмне табасыңар дейт.

Устазы бул нерсеге макул болду. Ошентип белгиленген күн келет. Жаш жигит кудайсыз атеисттердин каршысына чыгат да, устазы Хаммад үчүн даярдалган орундукка олтурат. Алар бул жаш балага көңүл бурбай, ага карап:

– Сен биздин суроолорго жооп бер, бирок сенин берген жоопторуң өзүңөр ыйык деп санаган Куран аяттары жана хадистерден болбосун, биз аларга ынанбайбыз. Бизге адамдын акылына сыйган гана жооптор менен жооп бер, –деп суроолорун узатышты:

1) Сенин жаратуучуң кайсыл жылы туулган?

2) Сенин Жаратуучуң кайсыл жылы пайда болгон?

3) Жаратуучуңан алдын эч ким болбогонун далил деп бер!.

4) Жаратуучуңун өңү-түсү кандай, булут же суу сыяктуубу. Кайсыл жерде турат, орношкон мекени кайда?

5) Жаратуучуң жүзүн кайсыл тарапка каратып турат?

6) Эгер бул жашоо баары тагдырда жазылган болсо, Жаратуучун азыр эмне менен алектенип эмне менен убара?

7) Кайсы нерсе азайбастан көбөйөт?

8) Силер мусулмандар, «Биз бейишке кирип, анда түбөлүк калабыз» деп айтасыңар. Муну кантип акылга сыйдырасың? Ар бир башталган несенин бүтөрү бар.

9) Эгер Жаратуучуң бар болсо, аны мага көрсөт?

10) Шайтан оттон жаралган деп айтылат, кантип Кудайың кайра аны от менен жазалайт?

11) Эгер бардык иштер эзелтеден тагдыр кылынып жазылган болсо, пенде ал пешенесине жазылган күнөө иштерди аткарса, аны жазалап, пешенесине сооп иштерди аткаруу жазылгандарга сыйлык берет? – деп адам оюна келбеген  суроолорду беришет? 

Имам Азам берилген суроолорго токтолуп так жана даана кылып жооп бере баштайт.

– Силердин берген биринчи берген сурооңорго жообум төмөнкүчө;

1) Аллах Таала туулбаган, төрөбөгөн жана ага эч ким, эч нерсе тең келбейт.

2) Аллах Таала замандан, убакыттан да илгери бар болчу, андан алдын эч ким, эч нерсе болгон эмес жана Андан кийин да эч ким, эч нерсе болбойт. Кылымдардын да, убакыттардын да жаратуучусу Аллах Таала.

3) Жаратуучу Алладан мурун эч ким болбогондугуна далил;

Эсеп сандарынан 3 санды алалы, 3 санынан мурда 2 бар эле, ал эми 2 ден мурда 1 деген цифра бар. Ал эми 1 деген сандан мурда эмне турат, кайсыл сан, цифра бар?  Албетте эч нерсе жок! Биздин Жаратуучубуз дагы бир (жалгыз) Андан алдын эч ким, эч нерсе жок жана болгон да эмес.

Динсиз атеистер жаш өспүрүп жигиттин берген жоопторуна канааттанып жатышты.

4) Силер өмүр менен коштошуп, өлүп жатканда кишинин жанында болдуңар беле? – деп суроо узатты.

Анда кудайсыздар:

– Ооба, болгонбуз, – дешти.

Абу Ханифа:

– Кыймылдап жатып, кыймылы токтоп калдыбы?

Динсиздер:

– Ооба.

Абу Ханифа:

– Сүйлөп жаткан эле үнү чыкпай калдыбы?

Динсиздер:

– Ооба.

Абу Ханифа:

– Эмне себептен кыймылдабай, үнү чыкпай калды?

Динсиздер биринен-бири талашып, «руху чыгып кетти», – дешти.

Абу Ханифа:

– Руху чыгып жатканда жанында олтурат белеңер?

Динсиздер:

– Ооба.

Абу Ханифа:

– Эми силер мага айткылачы, чыгып жаткан же чыгып кеткен рухту көрдүңөрбү, рух түтүнгө, булутка, абага, сууга, ташка окшойт беле? Рух (жан) чыгып кайсы жерге барып конгонун көрдүңөрбү?

Бир топко чейин жамаат ортосунда жым болуп, динсиздерден жооп чыкпады.

Динсиздер акылга сыйган жооптордон дале канааттанып жатты.

Муну көргөн Имам Аазам

– силердин Жаратканын кайсыл тарапты карап турат деген сурооңорго эки түрдү жообум бар;

5) Караңгылык каптап турган бөлмөгө шам күйгүзүп койсок ал шамдын жарыгы кайсыл тарапка карап турат?

Атеисттер:

– Ал жарык айланасын бүт жарытып турат.

Имам Аазам:

– Кйүп турган шам бүт айланасын жарытып турса, шамды жараткандын Жаратуучусу кантип бир тарапка карап туруп калсын, – деп айтат.

Экинчи жооп: Кадимки сүттү алалы, сүттүн курамында (составында) сары май жана айран бар, туурабы?

Динсиздер:

– Туура.

Имам Азам:

– Эгер сүттүн курамында май болсо, ал сары май кайсы жеринде турат?

Динсиздердин бирөөсүнөн да жооп чыкпады.

6) Бардык иштер Жараткандын каалосунда, кор болгонду зор кылат, кедейди бай, бийди кул кылат, каалаган пендеге дарт берип, каалаганыны шыпаа берет.

7) Эч азайбастан көбөйүп турган ал – илим. Илимди канчалык бөлүшсөң, ал ошончолук көбөйөт.

8) Бейиште түбөлүк калуу боюнча айтсам, эсеп сандарына карайлы, бир санынан кийин эки келет, экиден кийин үч, үчтөн кийин төрт, ушинтип эсептеп кете берсек аягы канча сан менен бүтөт?

Динсиздер:

– Анын аягы жок.

Имам Азам:

– Бейиштин да башы бар, аягы жок, – деп жооп берди.

Ар бир айтылган жоопторго кудайсыздар акыл калчап ынанып жатышты.

Имам Азам сегиз суроого тең жооп бергенден кийин жерден бир ылайдан куюлуп жасалган кышты алып динсиздердин бирөөсүнүн башына бир чапты эле, анын  башынан кан ага баштады. Аскерлер өспүрүм жигит кылган жоругун туура эмес деп, аны кармап тиешелүү жаза бермекчи болушту. Аскерлер Имам Аазамдын бул ишинен таңыркап, эмне себептен бул кадамга барганын сурашты.

Имам Аазам айтты:

– ушул кылган ишимде акыркы үч  суроого жооп бар, – деди.

– Ал кандай жооп, – деп сурашты. Имам Аазам башнан жараат алган кудайсыздан тогузунчу суроолоруна жооп иретинде:

– Башың ооруп жатабы?

Жаракат алган динсиз:

– Ооба, – деди.

Имам Азам:

– Анда оорууну көрсөтчү, – деди. Ал көрсөтө албады. Жаш жигит:

– Сен башыңдагы ооруну көрсөтө албасаң мен Кудиреттүү Жаратуучумду кантип сага көрсөтөм, – деди

10) Адам топурактан жаралган, а мен сени топурактан жасалган нерсе менен чаптым, а сен ошону менен азапталып жатасың. Шайтан оттон жаралган, аны да от менен азаптайт.

Динсиздер бул жоопко канааттанды.

– Он биринчи сурооңорго келсек, бул кишинин тагдырында башынын жарылуусу бар болсо, мени жазалайсыңар да, туурабы?! Эмне үчүн мен жазалананышым керек, мен жөн гана себепчи болдум да. Демек адам да кылган ишине жараша же жазасын алат же сыйлыгын алат, – деп берилген он суроого акылга сыйчу жооптор менен аларды ынандырды.

Жоопторго толук ынанып, канааттанышкан динсиздер ошол жерден ыйман келтиришип, мусулман болушту.

Имам Аазамдын түшүнүнүн жорулушу так ушул экен.

Балдарыбызды кичине кезинен эле чоң кишиге жасаган мамиледей кайрылып, туура тарбия берип, аларды келечектеги улуу күндөргө даярдоочу болсок, биздин урпактардан да Имам Аазамдай (р.х.) зирек балдар чыгат. Жараткан баарыбызды Өзүнүн туура жолунан адаштырбасын.

Даярдаган: Алибек ажы Жусупов, Ош облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары