Кара-Сууда 3000 айымга «Аялдарга алтын кеңеш» аттуу сабак уюштурулду

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл өкмөтүндө жайгашкан «Имам Ата» мечитинде айымдарга багытталган «Аялдарга алтын кеңеш» аталыштагы сабак болуп өттү. Саамалыкка Аалымдар кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, мечит имамы Юсуфхон ажы Ахматалиев жана 3000 айым катышты. Аталган иш-чара «Имам Ата» мечитинин имамы Юсуфхон ажы Ахматалиев жана мечит кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

“Абдишүкүр ажы Нарматов өзүнүн баянында эркектер (күйөөлөр) өз аялдары үстүндө жетекчи-башкаруучу экенин айтып, аялзатын өз өмүр жолдошторуна моюн сунууга, аларды урматтап-сыйлоого, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекем сактоого, балдарга жакшы тарбия берип, алардын мектеп сабактарына жана диний сабаттуулугуна көңүл бөлүүгө чакырды. Ошондой эле эже-карындаштарды ыймандуу, ыйбаалуу, ибадаттуу жана салиха аял болууга үндөдү”, – деп билдирди мечит имам-хатиби Юсуфхон ажы.

Иш-чаранын соңунда Абдишукур ажы Нарматовго сабакка катышкан энелер ыраазычылык билдиришип, ак баталарын беришти.

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров өткөрүлгөн иш-чаранын жемиштүү болгонун билдирип, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

«Мечит имамы Юсуфхон ажы он жылдан ашуун ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келет жана КМДБ, казыят жана хатибият тараптан келген буйрук жана тапшырмаларды өз убагында так аткарат. Юсуфхон ажы адеп-ахлактуу, илимдүү, билимдүү, кичипейил, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн имам. Кандай гана иш-чара болбосун биз менен кеңешип иш алып барат. Мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенемин», – деди ал.