Музаффар ажы Турдубаев: “Жараткан быйылкы ажылыгыбызды жеңил кылсын”

Кечээ, 20-февраль күнү Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев РСК банкынын райондук филиалынын алдында ажылыкка талапкерлер менен жолугушту. Баш имам-хатиб ажылык талаптарын түшүндүрүү менен кезек күтүүдө сабырдуу болууга чакырып, ибадат үчүн аракет кылып жатып бирөөнүн көңүлүн оорутпоого чакырды.

“Быйылкы ажылык сапарына баруучулар РСК бакынын астына 19-февраль түнү эле келишип, анда кезек кылып алышкан. Биз элди ынтымакка үндөп, ал жерде тынчтыкты сактоого чакырып турдук. Жараткан быйылкы ажылыгыбызды жеңил  кылсын”, – деди Музаффар ажы Турдубаев.

Райондук баш имам-хатибдин айтымында, ажылык үчүн баштапкы төлөм төлөөгө абдан көп киши келип, узун кезек пайда болгон.