Азирети Муфтий Садыбакас ажы Дооловдун апасынын дүйнө салганына байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев дин ишмери Садыбакас ажы Дооловдун апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

Урматтуу Садыбакас ажы! Апаңыздын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын. Сабыр кылыңыз! Алла Таалам сизге күч-кубат берсин. Жараткан маркум энени Өз ырайымына алып, Бейиш бакчаларын атаа кылсын.

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35).

“Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын эмгек жамаатынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уругуңузга терең кайгыруу менен көңүл айтам жана кайгыңыздарды тең бөлүшөм.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев