Сулумбек ажы Узеналиев Талас ОИИБнин ЭММКАКнын кызматкерлеринин кесиптик майрамына катышты

Талас ОИИБнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешти. Иш-чарага Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана райондордун баш имам-хатибдери катышты.

Салтанаттуу иш-чарада Талас ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Азамат Токтоналиев облустун жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтын офицерлерин куттуктап, алардын бүгүнкү күндө аткарган иштери абдан маанилүү экендигин белгилеп, татыктуу иштеген кызматкерлерге КРнын ИИМдин төш белгилерин, медалдарын жана башка сыйлыктарын тапшырды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев ОИИБнин кызматкерлеринин өздүк майрамы менен куттуктап жатып, «Урматтуу мекен сакчылары, майрамыңыздар кут болсун! Сиздер эл-журттун тынчтыгын көздөп кызмат кылып жатасыздар. Биз, дин кызматкерлери да өлкөбүздүн бүтүндүгүн, элдин тынчтыгын, биримдигин баарынан жогору коюу аракети үстүндөбүз, мындан ары дагы тыгыз иш алып барып, элдин бейпил жашоосуна бирге кам көрөбүз», – деди.