Тоолуу Тогуз-Торо районунда мечиттердин эсептик каттоосу боюнча жыйын өттү

Кечээ, 20-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация залында Тогуз-Торо районунун акиминин 1- орун басары Дамир Турдалиев, Тогуз-Торо районунун архитектура башчысы Чоро Кадырбеков, райондук мам.каттоонун жетектөөчү адиси Азамат Тезекбаев, Тогуз-Торо районуна караштуу 5 айыл өкмөт башчылары жана Тогуз-Торо районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Болотбеков баштаган мечит имамдарынын катышуусунда жыйын болуп өттү. Жыйында Тогуз-Торо районундагы каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада каттоодон өткөрүү маселеси каралды.

Акимдин орун басары Дамир Турдалиев жыйында тийиштүү айыл өкмөт, мам.каттоо, архитектура кызматкерлерине мечиттерди каттоодон өткөрүүдө имамдар менен тыгыз иштешип, тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тез арада бүткөрүп берүү талабын койду. Ал эми райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Болотбеков баш болгон жалпы имамдарга мечиттерди каттоодон өткөрүүдө жамааттар менен биргеликте аракет жасоолорун жана өзү да кол кабыш кылып, аракет жасап жардам берерин кошумчалады.

Районд акиминин орун басары тиешелүү мекеме, ишканаларга мечиттердин каттоосу боюнча 1-кварталдын аягына чейин  бүткөрүү тапшырмасын берип, бул процесс өз көзөмөлүндө болорун эскертти.

Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы билдиргендей, райондо жалпы 12 мечит бар. Анын 3 ү эсептик каттоодон өтсө, 9 у өтө элек. 1 мечит пайдаланууга жараксыз. 1 мечиттин  документи облустук казыятка тапшырылган. 4 мечиттин документтери бүтүү алдында турат, анын 90% бүтүп калды. Ал эми 2 мечит бузулуп кайра курулуу алдында турат.