Кара-Кулжада жаш жеткинчектер арасында Куран жарыш өткөрүлдү

Кечээ, 20-февраль күнү Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Азирети Билал” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин жана облустук казынын буйругун ишке ашыруу максатында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү.

Куран жарышы үч этап менен өткөрүлүп, биринчи этапка Курандын 30-парасын жатка тажвид эрежелери менен окугандар катышса, экинчи этапка жарым пара (амма парасынын жарымы) боюнча катышты. Ал эми үчүнчү этаптагы катышуучулар 15 сүрөнү жаттан окуу боюнча таймашты.

Жарышка негизинен райондун аймагындагы жалпы 12 жашка чейинки 55 жаш жеткинчек катышты. Катышуучулар калыстар тарабынан бааланып, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.

“Бул иш-чара аябай сонун деңгээлде өткөрүлдү. Балдардын окуган Курандарын угуп көзгө жаш келет. Балдарыбыздын мындай аракетин байкабай жүргөн экенбиз. Буйруса, мындан ары да ушул сыяктуу Куран жарыш, китеп окуу конкурсу сыяктуу жакшы иш-чараларды өткөрөбүз”, – деп билдирди райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев.