Лейлекте «Исламда аялдардын орду» аттуу семинар өттү

иллюстрациялык сүрөт

Лейлек райондук хатибияты тарабынан “Исламда аялдардын орду” аталышында семинар болуп өттү. Саамалыкка Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагынынан 200 гө жакын аялдар катышты.

Иш-чарада исламда аялдардын орду, укуктары жана милдеттери тууралуу Куран аяттары, хадистер жана аалымдардын сөздөрүнөн баяндамалар айтылып, пайдалуу маалыматтар берилди.

«Ислам дини аялзатына бийиктик даража берген. Ислам дини келгенге чейин аялдар өтө кордук көрүшкөн. Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү», – деди Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов.

Хатибияттан билдиришинче, иш-чара чоңунда окуучу кыздар жашоодогу кездешкен үлгү алчу окуяларды сахналык көрүнүш аркылуу чагылдырышты.