Чоң-Алай районунда жооптуу имамдардын демилгеси менен балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Азирети Муфтийдин буйругуна ылайык жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Бул иш-чараны Чоң-Алай районунун Жекенди жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн жооптуу имамдары демилгелеген. Демилгечилердин жаш балдардын Куранга болгон сүйүүсүн арттыруу максат кылышканын айткан Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек Маматаминов төмөнкүлөргө токтолду:

“Негизи бул иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругун аткаруу максатында жана жаштардын Куран жаттоого болгон кызыгуусун арттыруу максатында уюштурулду. Байгеге коюлган белектерди камсыздоону районубуздун жооптуу имамдары демилгеледи. Жараткан имамдарыбыздан ыраазы болсун”.

Куран жарышынын соңунда алдыңкы орунду ээлегендерге акчалай сыйлыктар жана дин багытындагы китептер берилсе, калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер ыйгарылды.