Ноокатта өлкө башчысынын №54 жарлыгынын ишке ашырылышы боюнча жыйын өттү

Ош облусунун Ноокат районунун администрациясынын жыйындар залында райондун аймагындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө багытталган жыйын болуп өттү. Жыйынга Ноокат районунун акиминин орун басары Нургүл Зульпиева, айыл өкмөттүн башчылары, айыл башчылар жана райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев катышты.

Жыйында КР Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №54 жарлыгынын алкагындагы жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер талкууланды. Аны менен биргеликте умра сапарына барып келген айрым жарандардын өткөрүп жаткан маарекелеринде ысырапка жол берилип жатканы айтылып, аны көзөмөлгө алуу боюнча тиешелүү жактарга тапшырмалар берилди.

“Районубузда эл өкүлдөрү жана күч түзүмдөрү менен тыгыз байланышта болуп, ысырапкерчиликтин алдын алууда биргеликте иш алып баруунун натыйжасында буга чейин болуп келген ыксыз чыгымдар алда канча азайды. Эң алгач жарандар түшүнбөстөн каршылык кылышса, азыр дээрлик жалпы элибиз бул нерсени туура кабыл алып калды. Буйруса, мындан ары да биргеликте иш-чараларды уюштуруп, ыксыз чыгымдарга жол бербейбиз” – деди райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев.