Быйылкы ажыларга Jazeera Airways кызмат кылат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жыйындар залында 2023-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда конкурс өттү. Конкурска Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча Убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Самидин кары Атабаев, КР жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.

Конкурстун жыйынтыгында 2023-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн Jazeera Airways авиакомпаниясын тандап алышты.