Лейлектеги №48 кесиптик лицейинде адептүүлүккө багытталган иш-чара өттү

Баткен облусунун Лейлек районундагы №48 кесиптик лицейиндеги окуучуларды адептүүлүккө чакырган иш-чара уюштурулду. Аталган профилактикалык иш-чаранын алкагында Лейлек районунун Раззаков шаарындагы “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун ректору Кубатбек Абдыгапар уулу окуучуларга адептүүлүк жана жакшы кулк-мүнөз тууралуу лекция окуду.

“Өнүккөн мамлекеттин бардыгы билим менен ийгиликке жетишкен. Алар азыркы күндө деле билимдүүлүккө умтулууда. Биз дагы изденбей, эмгектенбей ийгиликке жете албайбыз. Андыктан жаштайыңардан жалкоолукка, үмүтсүздүккө жол бербей, бир гана алдыга карай умтулгула. Сырткы сулуулукка көңүл бургандай ички сулуулукка, адептүүлүккө да көңүл бургула”, – деди Абдыгапар Кубатбек уулу.