Максат Сейталиев: “Куран жаттап жаткан балдар биздин келечегибиз”

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат Сейталиев 12 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышын өткөрүп, калыстар тобунун чечими менен жеңүүчү деп табылган балдарга сыйлыктар тапшырылганын билдирди. Сынак Григорьевка айылынын мечитинде болуп, жалпы 15 бала катышкан.

1-орунга 5000 сом акчалай сыйлык жана грамота тапшырылса, 2-3-орунга 4000 жана 3000 сомдон тапшырылды. Калган ар бир балага кызыктыруучу белек катары 1000 сомдон ыйгарылды. Айыл тургуну демөөрчүлүк кылган жарыштын байге фонду жалпы 19 000 (он тогуз миң) сомду түздү.

12 жашка чейинки балдар арасында өткөрүлгөн Куран жарышы туурасында райондук баш имам-хатиб Максат Сейталиев буларды билдирди:

«Куранды толук бойдон жаттап, андан кийин окуган адамдын мисалы улуу-пакиза периштелердин жамааты менен болгон сыяктуу (Бухари, Муслим). Жаратканым илимдүү жаштарыбызды көп кылсын. Анткени даанышмандын айтканы бар, сен балаңды көрсөт, мен сенин келечегиңди айтып берем деген. Куран жаттап жаткан ушул балдар биздин келечегибиз”.