Алибек ажы Жусупов ажылыкка каттоо иштерин текшерүү максатында Ноокат районуна барды

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов 2023-жылдагы ажылык сапарына баруучуларды каттоо иштери менен таанышуу максатында Ноокат райондук хатибиятына барды.

Казы орун басары каттоо иштери менен таанышкан соң ажылыкка барууга ниеттенип, каттоого талап кылынган документтерди тапшырууда кезек күтүп турган эл менен жолугушуп, бир катар талаптарды баяндады. Аны менен бирге ажылыкка талапкерлерди ынтымакка чакырып, сабырдуулукка үндөдү.

“Ноокат районунун тургундары сан жагынан көп болгонуна байланыштуу ажылык сапарына баруучулар да көп экен. Бүгүнкү саат 11:00 гө чейин жүздөгөн киши катталууга үлгүрүптүр. Үлгүрбөй калгандардын маанайлары суз. Биз аларды колубуздан келишинче сабырдуулукка чакырып, ынтымакка байланышкан үгүт-насааттарды айттык”, – деди Алибек ажы.